7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7-канал, УТРК жана “Регион” телеканалдары менен кызматташат

432

7-канал эми Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жана “Регион” телеканалы менен кызматташат. Бүгүн, 13-сентябрда аталган телеканалдын башчылары кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Жолугушууда маалыматтык саясатты бирге жургузүү, контент алмашуу, биргелешкен идеяларды ишке ашыруу тууралуу сөз болду. Ири телеканалдардын мынтип кызматташуусу алгачкы жолу ишке ашырылып жатат. Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук телеканалдын директору студияларды көрсөтүп, ишке ашырылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берди. Ал эми 7-каналдын директору өз сөзүндө телеканал социалдык тармактардын бардык платформаларында активдүү иш-алып бараарын айтып, кызматташуу жемиштүү болот деген ишеничин билдирди. Ага улай эле “Регион” телеканалынын башчысы маалымат таратууда кызматташуунун орду чоң экенин билдирип, жакшы саамалык болгонун айтып өттү.

433