7 миллионунчу кыргызстандык Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев парламенттин жыйынында билдирди.
Нурлан Шакиевдин айтымында, наристеге президент Садыр Жапаров Жакшылык деген ат койгон.
«Бүгүн Кызыл — Кыя шаарында Жакшылык аттуу уулубуз төрөлдү. Кылымдарды карыткан кыргыз элинин жети миллиону ылайым эселеп көбөйүп, элибизге кут береке орносун. Биздин президентибиз Садыр Жапаров Жашылык деп жакшы ниет менен коюптур»,-деди ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстандык алты миллионунчу ымыркай Айлин Кожошева 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында жарык дүйнөгө келген.