БУУнун Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Киров айылындагы жана Ысык-Ата районунун Кеңеш айылындагы орто мектептерде ысык тамактын уюштурулушу менен таанышуу максатында иш сапар уюштурулган.
Министр Мамбетакунов республика боюнча 1735 мектеп ысык тамак менен камсыз болгонун билдирди.
“Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоору 638, Мерсико уюму 510 мектепти колдоого алган. Мындан башка дагы 114 мектепти Мерсико, 49 мектепти Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы өз камкордугуна ала турган тургандыгын билдирди”, — деди министр.
Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар Кеңеш, Буденовка жана Ысык-Ата районунагы Киров жалпы билим берүү орто мектептерине барышты. Мында мектептердеги ысык тамактын уюштурулушу менен таанышып, мектептеги тамак-ашты уюштуруунун көйгөйлөрүн жана аны жакшыртуунун келечегин талкуулашты.
«Д.Зубков атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясында 880ден ашуун 1-4-класстын окуучулары ысык тамак менен камсыздалган. Мында орто эсеп менен жумасына 3 жолу ысык тамак берилет. Ошондой эле күн сайын жаңы бышырылган таттуу токоч, компот же башка суусундуктар берилет. 2022-жылдын сентябрь айынан тарта Чүй облусундагы 62 мектеп Билим берүү жана илим министрлигинин “Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу” программасы боюнча Россия Федерациясынын жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ысык тамакка өткөн. Учурда бул мектептер 1-4-класстарды тамактандыруу боюнча жакшы тажрыйбага ээ»,- деп берилет маалыматта.
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча программасы республиканын бардык 40 районунда ишке ашырылып келет.