7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үрөй учурган окуя. Кадамжайда аялды балта менен башка уруп, ата-баланы өлтүрүп кеткен

437

Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кеткен. Бул тууралуу 7-каналга Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-октябрь күнү саат 22.30дар чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын 61 жаштагы тургуну Ш.К. жана 29 жаштагы К. у.Рны белгисиз атуулдар белгисиз ок атуучу курал менен атып, 59 жаштагы Ш.Мди (аял киши) уруп, денесине жараат келтирип, изин жашырып кетишкен.

Бул маалымат ошол эле түнү Кадамжай РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып төмөнкүлөр аныкталган.

«18-октябрь күнү саат 22.00 чамаларында жабырлануучулар эс алып жаткан учурда, алардын үйлөрүнө белгисиз жарандар белгисиз куралдар менен кирип, 61 жаштагы Ш.Кны көкүрөк жана бетине атып, анын уулу 29 жаштагы К.у.Рнын башына атып, 59жаштагы Ш.Мдин (аял кишинин) башына балта менен уруп, мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө аракет кылып окуя болгон жерден изин суутуп качып кеткен.

Атылган октон жараат алган экөө окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми денесинен жараат алган аял Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген»,-деп берилет билдирүүдө.

Жогорудагы окуя Кылмыштардын бирдиктүү реестерине кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, атайын тергөө тобу түзүлүп иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

438