7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сапатсыз дарыларды ташып келүүгө шарт түзгөн департаменттин кызматкерлери кармалды

421

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кызмат адамдарынын жана «А» жеке ишканасынын сапатсыз дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз кайра каттоодо, сертификациялоодо жана кийин республиканын аймагына ташып келүүдө көрсөтүлгөн мыйзамсыз иш аракеттеринин фактылары аныкталды.

Такталгандай, 2020-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук контролдоо-аналитикалык лабораториясында тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, импорттолуучу дары-дармек каражаттарынын курамынын айрым ченемдери ден соолук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон тиешелүү чектен ашып кеткендиги аныкталган.

Мындай жагдайларга карабастан департаменттин кызмат адамдары медициналык багыттагы дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоонун тартибин бузуу менен, зарыл болгон баштапкы документтерди жасалмалоо жана алмаштыруу жолу менен өлкөгө сапатсыз дары-дармектерди тоскоолдуксуз ташып келүүгө шарт түзүшкөн.

«Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык имаратында тинтүү иштери жүргүзүлүп, салык төлөөдөн качуунун фактыларын көрсөткөн, анын ичинде медициналык кызматкерлерге накталай төлөмдөр системасы аркылуу өз продукциясын илгерилетүү үчүн мыйзамсыз маркетинг ыкмаларын жана атаандаштыкты колдонууну тастыктаган «кош эсепке жазуу» бухгалтердик каржылык документтер алынган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган департаменттин директорунун орун басары Б.К. жана башкармалыктын башчысы Т.И. кармалып УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,- деп берилет маалыматта.

Учурда дары-дармек каражатынын курамын жана анын мүмкүн болуучу кошумча таасирлерин аныктоо үчүн зарыл адистерди тартуу жана ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын белгилөө боюнча керектүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

422