Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен алынып келинген 2160 бөтөлкө көлөмүндөгү “Ягуар” ичимдиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билддирди.
Маалыматка ылайык, 18-октябрда Кыргызстандын аймагына Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келинген 2160 бөтөлкө көлөмүндөгү “Ягуар” ичимдиги алкоголдук продукция аныкталган.
Жогорудагы мыйзамсыз аракетке катышкан Кыргызстандын жараны К.А.А. бул алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып келүү фактысын тастыктаган, ошол эле учурда кылмышка шектүү дагы бир шериги жүк ташуучу унаада Тажикстандын аймагына качып кеткен.
Учурда бул факты боюнча процессуалдык документтер түзүлүп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.