7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7 миллионунчу жарандын болжолдуу төрөлө турган күнү октябрдын аягына туура келет

688

Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыктарын алгандан кийин өлкөнүн калкынын жалпы санын тактоо боюнча иштерди жүргүздү.

Ушуга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап, калктын саны 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде эсептелине баштады. Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган. Улутстаткомдун баалоосу боюнча 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн. 995 миң адамды түзгөн.

Улутстатком жети миллионунчу жарандын төрөлө турган күнүн так аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришти. Эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя үстүбүздөгү жылдын 20-октябрына чейин болушу керек.

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Кыргызстандын калкынын саны өсүп жатат. Акыркы жылдары республикада болуп жаткан демографиялык процесстер калктын санынын өсүшүнүн жогорку темпи менен мүнөздөлөт. Төрөлүүнүн жогорку деңгээли сакталууда, бул калктын санынын көбөйүшүн камсыздайт. Ал эми тышкы миграциянын балансы терс бойдон калууда, бирок акыркы жылдары анын көлөмү бир топ төмөндөдү.

Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Кожошева Айлин 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Кайыпова Каныкей 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689