7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7-октябрда ажылык сапарга каттоо башталат

572

Кыргызстанда 7-октябрда ажылык сапарга каттоо башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдирди. 

2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлер өлкө боюнча бир тизмеге катталат. Талапкерлер баштапкы 2 миң АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомду “Элдик банкка” төлөөсү керек.

Андан соң муфтияттын облустук, шаардык казыяттарына жана райондук хатибияттарына баштапкы 2 миң доллардын квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Төлөм учурунда ажылыкка берилген орундар (квоталар) толуп калса, “Элдик банкка” акча төгүү мөөнөтү токтотулат. Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык зыяраты үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлдү. Учурда муфтиятта ажылык сапарын уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлүп, иш алып бара баштады.

 

573