7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

24.09.24. Кооз датада 208 түгөй баш кошту

200

Кыргызстанда 24-сентябрда 208 түгөй баш кошуп, никесин расмий каттатты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

24.09.24 сыяктуу “кооз даталар” сүйүү менен бакыттын символу болуп калуу менен бирге, үйлөнүү тойго өзгөчө атмосфера тартуулайт. Бул күн үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү менен дал келип, ага өзгөчө маани кошот.

«Үй-бүлө күнү, тынчтык, берилгендик жана бири-бирине колдоо көрсөтүү үй-бүлөлүк баалуулуктардын маанилүүлүгүн эске салат. Нике – бул жөн гана эки жүрөктүн биримдиги эмес, ошондой эле күчтүү коом үчүн негиз болуп саналат. Ар бир үй-бүлө – бул мамлекеттин тиреги жана келечеги, ошондуктан үй-бүлө институтун колдоо жана никенин маанилүүлүгүн белгилөө биздин коом үчүн актуалдуу милдеттердин бири. Жаңы үйлөнгөндөрдү бул маанилүү кадам менен куттуктайбыз! Узак жылдар бою сүйүү, ынтымак жана өз ара түшүнүшүүнү каалайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

 

201