7-сентябрда саат 9.00дөн 21.00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ч.Айтматов проспектисинин №243 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу бизнес-борбордун кошулушуна байланыштуу муздак суу өчүрүлөт.
Масалиев — Ч.Айтматов проспекти — Миңжилкиев — көч. Сагындыков көч.(КТУнун тосмосунун чыгыш тарабы) чектешкен аймакта суу болбойт.
Ошондой эле Ч.Айтматов проспектисинин 97/4 жана 237/1Б жээгиндеги насостук станциялар муздак суудан убактылуу өчүрүлөт.