Атырауда 70 жаштагы пенсионер ТикТок социалдык түйүнүнөн акча табат. Batystyn azhesi деп катталган эненин 14 миңден ашуун колдонуучу бар. AtyrauPress басылмасы бул апа тууралуу жазып чыккан.
Хадиша Аймухамбет кызынын айтымында, ал видеолорду маанай үчүн жана бош убактысын каалагандай өткөрүү үчүн тартат. Ал түз эфирге чыгып, катталуучулар менен баарлашат. Жооп катары колдонуучулар ага жактырууларды, реакцияларды жана билдирүүлөрдү жөнөтүшкөндө пенсионер апа TikTok аккаунту аркылуу акча табат.
«Жаңы катталганымда Фариза Онгарсынованын, Мукагали Макатаевдин ырларын окучумун. Бир күнү эле кокусунан түз эфирге чыктым. Катталуучуларым көбөйүп баштыды. ТикТок менен келишим түздүм, азыр мен айлык алам. Аудиториям соцтармактарды түшүнгөн жаштар. Азыр башка колдонуучулар менен баттлга чыгам, байкоолорум менен бөлүшөм, кээде кеңеш берип турам. Улуу муун мени түшүнбөй, кээде сындап да коюшат. Бирок жаштар мени дайыма колдоп турушат. Бул мен үчүн кошумча киреше», — деген апа.
Хадиша апа күнүнө жок дегенде бир жолу түз эфирге чыгып турат. Ал өзүнө жумуш ордун да түзүп алган. Алгач ага уулу жардам берген, азыр смартфонду мыкты өздөштүрүп, видеолорду жүктөп, эфирге өз алдынча чыга алат.
«Хоббим болгондуктан ар кайсы өлкөдөгүлөр менен баарлашам. «Ооруганымды да унутуп калдым. Уулум, келиним эртеден кечке жумушта. Неберелеримди карап, тамак жасап берем. Андан соң бош убактымда ТикТокто отурам. Мен ал жакта канча убакыт өткөрсөм, алар мага ошончолук көп төлөп беришет», — дейт.