7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

8 кабат болот. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды куруу иши башталды

10

Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жаңы имаратын куруу иштери расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Курулуп жаткан жаңы имараттын жалпы аянты окуу корпусту жана жатакананы кошкондо болжол менен 13 600 чарчы метрди түзөт. Имарат жер төлөөсү менен кошо сегиз кабаттан турат жана заманбап талаптарга ылайык бардык керектелүүчү жабдуулар менен толукталат.

Министрлик билдиргендей, окуу жайдын жаңы имаратын курууга Турукташтыруу фондунан 750 000 000 (жети жүз элүү миллион) сом каражат бөлүнгөн.

Жаңы окуу корпусу 2026-жылдын 31-декабрында пайдаланууга берилиши пландалууда. Имаратта ашкана, жатакана, 300 орундуу чоң концерттик зал, 5 кичи концерттик зал, конференц-зал, спорт комплекси жана жер төлөдөгү унаа токтотуучу жай каралган.

Техникум 1939-жылы октябрда Фрунзе шаарында уюшулган. 1945-жылы 25-майда Кыргыз ССРинин эл артисти МураталыКүрөңкеевдинысымы ыйгарылган. 2024-жылдын августунда президент бул билим берүү мекемесине улуттук статус берген.

11