7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

80 миң сомдук зыян. Балыкчыда алдамчылыкка шектүү жарандар кармалды

657

Балыкчыда алдамчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 20-август күнү Балыкчы ШИИБне арыз менен Балыкчы шаарынын тургуну Т.К. аттуу жаран кайрылган. Анын арызында ушул эле жылдын 2-июль күнү Тилек аттуу жана жанында белгисиз 2 адам ишеничине кирип, ага тиешелүү жылкысын сатып-алмаштырып кайра беребиз деп алдап жок болгундугун билдирген. Жабырлануучуга 80 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестирне катталып, КЖКнин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында, Нарын облусуна караштуу Кара-Суу айылынын 1975-жылы туулган тургуну К.Т. аттуу жаран Тоң районунун сырт аймагынан жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

Шектүүнүн шериктери дагы аныкталып колго түшүрүшүрүлгөн. Алар Балыкчы шаарынын 1991-жылкы А.Т., 1991-жылкы К.Ө. жана 1976-жылкы Э. у К. тургундары болгон.

Шектүүлөрдүн Балыкчы шаарынын аймагынан дагы ушул сыяктуу 3 факт катталып, малды алдамчылык жолу менен ээлеп алуу боюнча кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда шаардык соттун чечими негизинде шектүүлөргө эки айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып, тергөө амалдары уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

658