7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

800 миң сомдук аткезчилик. Чек арачылар үч кыргызстандыкты кармашты

293

Чек арачылар мыйзамсыз түрдө Өзбекстанга мал жана башка контрабандалык жүктөрдү алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандыктарды кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.


Анын айтымында, жүктүн жалпы баасы 800 миң сомду түзөт. Аксы районунун Мамай аймагында чек арачылар жана УКМКнын кызматкерлери чек ара бекетинен тышкары Өзбекстанга эл керектөөчү товарларын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны башкарып бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасын кармашкан.


Ошондой эле Торук Ала-Бука районунда Daewoo-Nubira автоунаасы кармалган, айдоочусу Өзбекстанга дары-дармектерди ташууга аракет кылган. Дагы бир кыргыз жараны Монул аймагында төрт баш бодо малды айдап кетүү аракетин көрүшкөн.
Кармалгандар, аткезчилик жүк жана бодо малдар кийинки иликтөө иштери үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

294