7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

9-10-декабрда Бишкекте чет элдик лидерлердин катышуусунда эл аралык иш-чаралар өтөт

508

Ушул жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, Биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда», — деди Муратбек Азымбакиев.

Андан соң 10-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары болот.

“Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт”, — деди президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

509