7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курман айт намазы эски аянтта окулат. (Программа)

726

Кыргызстанда Курман айт намазы 28-июнда күнү эски аянтта окулат.

Муфтияттин билдиришкендей, иш-чара таңкы саат 06:00дө башталып, дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.

Программа:

  • 06:00-07:00 – дин аалымдарынын баяндамасы;
  • 07:00-07:30 – Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы;
  • 07:30 – Айт намаз.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Белгилей кетсек, Курман айт майрамына байланыштуу кыргызстандыктар 28-июнда эс алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

727