7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжанда түрк дүйнөсүнүн жумалыгы өтөт

217

29-июнь – 3-июль күндөрү Азербайжанда Биринчи Түркология куралтайынын 100 жылдыгына арналган «Түрк дүйнөсүнүн жумалыгы» өтөт.

Илим жана маданият багытындагы иш-чаралар уюштурулуп, «Биринчи Түркология куралтайы: жүз жылдын илимий жана маданий мурасы» темасындагы эл аралык конгресс болот. Жалпысынан конгресске 20 өлкөдөн 80 түрколог жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Ошондой эле көргөзмөлөр, спектаклдер, концерттик программалар жана тарыхый жерлерге саякаттар уюштурулат. Баку шаарындагы Улуттук китепканада Түрк дүйнөсүнүн китепканалар бирикмесинин конференциясы болот.

Аталган иш-чара Азербайжандын маданият министрлиги, Улуттук Илимдер академиясы, Түрк мамлекеттер уюму, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте өтөт.

218