7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Казакстан адал тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөдө

226

Кыргызстан менен Казакстандын мусулмандарынын Дин башкармалыктары адал индустриясы жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Маалым болгондой, документ адал стандарттарын өнүктүрүү, тажрыйба жана маалымат алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана адал сертификаттарын өз ара таануу багыттарын камтыйт.

Тараптар ошондой эле адал продукцияларын өндүрүү, сертификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүп, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө макулдашты.

«Бул меморандум боордош Кыргызстан менен Казакстандын диний башкармалыктарынын ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдеп, эки өлкөдөгү адал индустриясынын системалуу жана туруктуу өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

227