7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көңүл буруңуздар! Суу убактылуу өчүрүлөт

159
2026-жылдын 23-июнунда саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Өчүрүү аймагы:
Достоевский көчөсү — Анкара көчөсү — Ауэзов көчөсү — темир жол линиясы.
Ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу берүү токтотулат.
Контррезервуар суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
160