7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

98 жаштагы ардагер Асек Урманбетов өлкөдөгү тынчтыкты коргоого чакырды

937

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери  98 жаштагы Асек Урманбетовдон кабар алып, 9-май майрамы менен куттуктады.

«Биз жеңүүчүлөрдүн алдында төлөп бүткүс карыздарбыз, сиздердин эрдигиңиздер биздин жүрөгүбүздө жана Кыргызстандын тарыхында өмүр бою сакталып кала берет. Сиз азыркы жана кийинки муунга да үлгү болгон адамсыз«-деген төрага  Жогорку Кеңештин атынан атайын сыйлык тапшырды.

Өз кезегинде ардагер куттуктоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, бардык кыргызстандыктарды биримдикте болуп өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты коргоого чакырды.

Асек Урманбетов 98 жашына карабастан, кары-картаңдарга, майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине жардам берүү, китеп, роман жана поэма жазуу боюнча «Ак Жол» коомдук фондусун жетектейт.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, 1943-жылы май айында 735-жөө аскерлер полкуна кошулуп, мылтыктар взводунун командири болуп дайындалган. Согуштук тапшырмаларды аткарганы, айылдарды жана шаарларды фашисттик баскынчылардан бошоткону үчүн Урманбетов Ата Мекендик согуш жана «Кызыл Жылдыз» ордендери менен сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

938