7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө салык кызматынын башкы инспектору пара менен кармалды

564

Ысык-Көлдө салык кызматынын башкы инспектору кармалганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл району боюнча атайын текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инстпектору А.И.К. жеке ишкерден 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Салык кызматкери көрсөтүлгөн акча каражаттарын контролдук-кассалык машинаны (ККМ) орнотуу боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн опузалоо жолу менен талап кылган.

Белгилей кетсек, салык кызматкери эгер көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тартса, айып пул жана кошумча салыктык төлөмдөрүн төлөтөөрүн айтып коркуткан.

Учурда иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

565