7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте төртүнчү мектеп директору пара менен кармалды

712

Бир жуманын ичинде Бишкектеги билим берүү мекемелерине окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн 4-мектеп директору кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, күн мурун, 1-сентябрда окуучуну башка мектепке которуу маселеси оң жагына чечилиши үчүн 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган борбор калаадагы мектептердин биринин директору А.Г.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК президенттин 2023-жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын акысыз билим алууга укуктарын ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, мектептерде, мамлекеттик билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жана ар кандай коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат жана бардыгы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен камсыздалат деп жазылган.

Буга байланыштуу УКМК билим берүү мекемелеринин жетекчилерин мыйзамсыз, анын ичинде мектептерде ар кандай коомдук фонддорду түзүү жолу менен акча чогултуу практикасынан баш тартууга жана мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713