7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын мектептеринде россиялык 120 мугалим сабак бере баштады

727

1-сентябрдан тартып Кыргызстандагы 51 мектепте орусиялык 120 мугалим иштеп баштады.

Россиянын Агартуу министрлиги маалымдагандай, мугалимдер өлкөдөгү билим берүү мекемелерине «Россиялык мугалим чет өлкөдө» долбоорунун алкагында келишкен.

Россиянын агартуу министринин орун басары Денис Грибов Кыргызстандын билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен жолуккан. Анда ал мугалимдер «Акылдын күчү» программасынын алкагында балдарга математика жана физика сабактарын терең үйрөтүү максатында кошумча сабактарды өтүшөрүн айткан.

Ошондой эле эки өлкөнүн агартуу тармагындагы кызматташтыгы мектеп менен эле чектелбестен орто кесиптик билим берүү жаатында да уланарын кошумчалаган.

Иманалиев Россиянын Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң экендигин айтып, өлкөдө россиялык тогуз мектеп куруларын белгилеген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

728