7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдар Мундузбаев дүйнөлүк олимпиадада жаңы тарых жаратты

858

Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев XXXV Эл аралык информатика олимпиадасында (35th IOI 2023 Hungary) экинчи орунду ээледи. Кыргызстандын тарыхында буга чейин информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада күмүш медаль болгон эмес.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, олимпиада 2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өтүп, ага Кыргызстандан төрт окуучу катышты.

Эл аралык олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын көрсөткүчү:

1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаары, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — күмүш медаль;

2. Теңгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаары, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — коло медаль;

3. Алихан Айдарбеков, Нарын шаары, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;

4. Байторо Майрамбеков, Талас шаары, “Манас-Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу – ардак грамота.

Окуучуларды даярдаган мугалим жана команда жетекчисинин жардамчысы — Кылычбек Урайымов. Команда жетекчиси — Павел Панков.

International Olympiad in Informatics — бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 355 окуучу катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

859