7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда мыйзамсыз кофе жасап жүргөн адам аныкталды

2048

Ири көлөмдө мыйзамсыз кофе азыктарын даярдап, сатып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын базарында, соода түйүндөрүндө мыйзамсыз колдо жасалган кофе азыктары сатылып жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында мыйзамсыз кофе азыктарын 2 жерде даярдап жүргөн Ноокен районунун 1990-жылкы С.Э. экендиги аныкталган. Кочкор-Ата шаарындагы үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жасалма кофе жана башка азык-түлүк продукцияларын чыгарууга керектүү кошулмалар табылып алынган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2049