Жалал-Абад шаарындагы клубдардын биринин алдында 35 жаштагы жаранга бир нече жолу бычак сайылган. Шектүү кармалганын 7-каналга Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
7-сентябрда караган түнү саат 01:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуу клубдарынын биринин алдында 35 жаштагы жаранды өзүнө бейтааныш 18-20 жаштардагы бала денесине учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, денесине жараат келтирген. Ал алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул окуя Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылган. Окуяга шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 2004-жылкы бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдары жүрүүдө.