Таш-Көмүр шаарынын 28 жаштагы тургуну Онорхан Усумбаева 23-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Белгилери: Бою 160-165 см, кашы, көзү, чачы кара, толук дене түзүлүштө, оӊ бетинде калы бар, акыл-эси жакшы эмес. Кийген кийими белгисиз.
«Дайынсыз болуп жаткан Онархон тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Тел.: 102, (03745) 5 02 57, 0702 16 98 97, 0552 49 60 02», — дешти Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы.