Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл “Жайыт комитетинин” төрагасы акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКга Өзбекстандын жараны, Өзбекстандыктарга таандык 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2000 (эки миң) АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып жаткан “Жайыт комитетинин” төрагасы К.у.К. карата чара көрүү боюнча кайрылган.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункттунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган жаран талап кылынган акча каражатынын бир бөлүгү 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманы алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына 2 айлык мөөнөткө киргизилди.
Учурда тергөө уланууда.