7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балтада пара алып жаткан жеринен улук сот аткаруучу кармалды

696

Чүй облусунун Жайыл райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук соттук аткаруучусу кармалганын УКМКдан билдиришти.

«15-сентябрда Жайыл райондук сотунун кызматтык кеңсесинде 26 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Жайыл районундук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук соттук аткаруучусу кармалды. Буга чейин, ал Кара-Балта шаарында жайгашкан Т.К. аттуу жаранга тийешелүү дүкөндү жана батирди камака алган. Андан кыймылсыз мүлктү камакка алуу боюнча аткаруу өндүрүшүнүн алкагында маселени оң тарапка чечип берүү үчүн 500 АКШ доллар талап кылган»,- деп берилет маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

697