7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия оюндары: Акжол менен Жоламан финалга чыкты

977

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.

Финалдык беттеште Махмудов ирандык Амин Кавиянинежад менен беттешсе, Шаршенбеков япониялык Аята Сузуки менен кез келет. Финалдык беттештер бүгүн саат 15:00дө орун алат.

Махмудов Азия оюндарына 77 кг салмак ченинде 4/1 финалдан тарта катышса, Шаршенбеков 60 кг салмак категориясында 8/1 финалынан тарта күч сынашууда.

Махмудов буга чейин камбоджиялык, казакстандык спортчуларды жеңди, ал эми Шаршенбеков тажикстандык, кореялык жана өзбекстандык балбандарды артта калтырды.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

978