7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Арчада» Владимир Путинди расмий тосуп алуу аземи өттү

574

Бишкекте президент Садыр Жапаров менен расмий иш сапары менен келген Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуусу өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилип, килемдер төшөлдү.

Өлкө лидерлери саламдашкандан кийин Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырып, Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан соң мамлекет башчылары түзүмдү кыдырып чыгышты.

Андан ары Садыр Жапаров менен Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырып, андан кийин Ардактуу кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын астынан салтанаттуу өтүштү.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575