Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев ишкерлерге Facebook баракчасы аркылуу кайрылды.
“Мамлекет менен келишим жокпу?! Анда, кечирип кой! Урматтуу биздин ижарачылар, кардарлар жана жеке ишкерлер, ар-бир нерсенин өзүнүн тартиби жана ыкмасы бар, жакшынакай келип мэрия менен келишим түзүп алып иш кылыш керек! Күчкө салып, билгенимди кылам, өтүгүмдү төрүңө илем деген болбойт” – деп жазган Орунтаев.
Видеодон борбор калаада келишимсиз эле көчөдө турган электро-самокаттарды “Тазалыктын” кызматкерлери чогултуп кеткенин көрүүгө болот.