7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зулушев тартип сакталбаса, көк-бөрү ойнолбой турганын билдирди

632

Бүгүн, 17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынын кезектеги жыйыны өттү. Анда, Талас Бегалиев мандатын тапшырып, анын ордуна Рамис Жунусалиев Көк-бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды.

Жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев коопсуздук, тартип сакталбаса, мамлекеттик иш-чараларда көк-бөрү оюну өтпөй турганын айтты.

“Кечээ Кочкордо Ормон Хандын 230 жылдыгында ат оюндары өттү. Бирок көк-бөрү өткөн жок. Баарыңыздар көрдүңүздөр, сездиңиздер… Президент Садыр Нургожоевичтин сөзүн айтайын. Ал Оштогу 31-август Эгемендик күнүндө болгон оюндан кийин, эгер дагы бир жолу ушундай тартипсиздик кайталанса, мамлекеттик деңгээлдеги оюндарга убактылуу көк-бөрүнү кошпой эле коюңуздар деди. Себеби, коомчулукка, мамлекеттин коопсуздугуна терс таасир тийгизет. Ошондуктан алтын баштуу улакчы болсо да эрежени одоно бузса, жазалашыбыз керек», — деген Зулушев.

Эскерте кетсек, Оштогу «Төлөйкөн» ат майданында Эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көк-бөрү мелдешинин соңунда жаңжал чыккан.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633