7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нариман Түлеевге карата чыккан сот чечимдери тууралуу УКМК билдирүү жасады

462

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Н.Түлеевге карата бир нече сот чечимдери чыккан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2012-2016-жылдар аралыгындагы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Н.Түлеевге жана башка адамдарга карата автобустарды жана таштанды ташуучу унааларды алуудагы коррупция фактысы боюнча соттолушкан, ал эми экинчиси мамлекетке 1,6 млн. АКШ долларынан ашык өлчөмдө келтирилген зыяндын ордун толтурган.


Бирок үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында Кыргыз
Республикасынын Жогорку Соту Н.Түлеевге карата бардык айыптоолорду жокко чыгарып, кылмыш ишин Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жаңы кароого жиберген.


Кыргыз Республикасынын УКМК Н.Түлеевге карата Бишкек
шаарынын мэри болуп турган кезде коррупция фактысы боюнча сот
органдарынын бүдөмүк чечимине коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу деп эсептейт.


Кыргыз Республикасынын УКМК мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген ушул категориядагы учурларда жазанын сөзсүз түрдө жүргүзүлбөй принцибин сактоо зарылдыгын белгилейт жана бул багытта Мамлекеттик комитеттин иши туруктуу негизде улантылат.

463