Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жаштар арасында энергетикалык суусундуктарды колдонуу кеңири жайылып жатканына көңүл буруп, алардын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу эскертти. Бул тууралуу ал Facebook`тагы өздүк баракчасына жазды.
Орунбековдун көптөн бери тоого чыгуу менен алектенип келерин, ошол учурда спорт менен машыккан жаштардын энергетикалык суусундуктарды ичип бара жатканын көп байкай турганын жазган. Ал мындай суусундуктарды ашыкча колдонуу жүрөктүн кагышын тездетип, кан басымды жогорулатып, уйкунун бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
Ошондой эле Орунбеков ата-энелерди балдарына энергетикалык суусундуктардын мүмкүн болгон зыяндары тууралуу түшүндүрүп, алардын ден соолугуна көңүл бурууга чакырды.



