Кыргызстан 2027-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн IV оюндарын өткөрөт. Тиешелүү чечим КМШ мамлекеттеринин Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
Ошондой эле Бишкекке 2027-жылы «Шериктештиктин спорттук борбору» макамын берүү бир добуштан колдоого алынды. Мындан тышкары, Кыргызстан ошол жылы КМШнын Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешине төрагалык кылат.
Эске салсак, КМШ өлкөлөрүнүн алгачкы оюндары 2021-жылы Казань шаарында, экинчиси 2023-жылы Минск шаарында, үчүнчүсү 2025-жылы Азербайжандын Гянжа шаарында өткөн.



