7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

13 жаштагы Назима Кытайда кыргыз жерин даңазалады

809

Кытайда 2023-жылында үчүнчү ирээт өткөрүлүп жаткан бүткүл дүйнөлүк башталгыч класстын окуучулары арасында Кытай көпүрөсү аттуу Кытай тили конкурсуна Кыргызстандан Назима Ибрагимова катышты.

Кыргызстандан барган Назима Ибрагимова Бишкек шаарындагы № 2-орто билим берүү мектебинде 7-класста окуйт. Ал кичине кезинен бери кытай тилин эркин сүйлөйт. Ошону менен катар кытайдын маданиятын билгендиктен көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү болгон.

Ал «Кытай көпүрөсү» долбооруна жолдомо алып, Кыргызстандын намысын коргогон.

Белгилей кетсек, ага дүйнөнүн 91 мамлекетинен өспүрүмдөр катышып, өз өлкөсү жана өздөрү тууралуу кыска метраждуу тасма менен айтып беришкен. Мындан сырткары улуттук кийимдери менен маданиятын кошо чагылдырышкан.

810