7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ажылык сапарга бара тургандардын формасын тигүүгө конкурс жарыяланды

515

2024-жылы ажылык сапарга бара тургандардын формасын тигүүгө конкурс жарыяланды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ажылар үчүн жайкы кемсел тигүүгө ат салыша турган тигүүчүлөр документтерди 29-ноябрга чейин тапшырышы керек.

“Документтерди кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрынан 29-ноябрь, саат 17:00 гө чейин жүргүзүлүп, 5-декабрда конкурс өтмөкчү” – деп айтылат маалыматта.

Ажылар кийүүчү форманы (кемсел / жилет) тигүүчүлөргө коюлган талаптар менен Муфтияттын расмий сайтынан таанышсаңыздар болот. Конкурс тууралуу маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот.

Бишкек ш, Жибек-Жолу көчөсү 234/3.
Байланыш тел: 0778/0708 48-61-67

 

516