7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучулар сыйланды

620

Билим берүү жана илим министринин биринчи орус басары Бекжан Супаналиев Түркиянын Анталия шаарында өткөн XV эл аралык билим (мультипредметтик) олимпиадасында 22 медаль жеңген окуучуларга министрликтин ыраазычылык каттарын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Министрдин биринчи орун басары окуучуларды ийгилиги менен куттуктап, алардын ар бир жетишкендиги министрлик үчүн чоң мааниге ээ экендигин билдирди.

29-октябрдан 5-ноябрга чейин Анталия шаарында өткөн эл аралык олимпиадада окуучулар химия, биология, математика, англис, түрк жана орус тилдери, ошондой эле көркөм сүрөт өнөрү боюнча 6 алтын медаль, 9 күмүш медаль, 7 коло медаль жеңип алышкан.

Бул олимпиадага 16 өлкөдөн миңден ашуун окуучу катышкан. Кыргызстандын атынан “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин жана “Илим-Нур” окуу-тарбия комплексинин окуучулары катышып келди.

621