Жалал-Абад облусунда мечит курууга мыйзамсыз уруксат берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун УКМКдан билдиришти.
Сузак районунун Барпы айылында 2022-жылдын аягында КР жараны Ч.М.Х. уруксат документтери жок, үйүнүн короосуна өз алдынча мечит куруп алганы аныкталган. 2023-жылдын март айында Жалал-Абад облусундагы диний мекемелердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүү максатында УКМКнын демилгеси менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин алкагында аталган мечиттин иштеши токтотулуп, 7 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынган.
Ага карабастан ал башка айылдардын тургундарынын колдорун чогултуп, Барпа айыл өкмөтүнүн башчысынын, Жалал-Абад облустук казыятынын, Сузактагы “Кадастр” жана архитектура бөлүмүнүн жардамы менен айылда жума мечитинин (700м аралыкта) болгонуна карабастан, уруксат кагаздары берилген. Ошол эле учурда аталган мечитте КР мыйзамдарында тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн зыярат кылуу фактылары белгиленди.
Бул факты “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Барпы айыл аймагынын башчысынын, Сузактагы “Кадастр” жана Архитектура бөлүмүнүн жетекчилеринин, Жалал-Абад облусунун казысынын, ошондой эле КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.
Андан кийин ДИМК тарабынан берилген каттоо күбөлүгү жокко чыгарылып, мечит Барпы айылынын тургундарынын муктаждыгы үчүн социалдык объектке (ФАП же мамлекеттик дарыкана) айландырылат.