7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди

465

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы билдирди.

“Комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер Кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот.

Белгилүү болгондой, буга чейин Мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт” деген.

Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар “бутуна туруп кетсин” деген саясат болчу.

Азыр эми “Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген” соодагерлердин соодасы 50дон 100 миллионго чейин ашып кеткен фактылар аныкталып калды.

Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат.

Кыскасы, жыйынтыгын комиссиянын чечиминен кийин жарыялайбыз”,-деп берилет маалыматта.

 

466