7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Сот Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчисин актады

503

Жогорку сот Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекованы толугу менен актады. Бул тууралуу юрист Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун 4-декабрындагы чечими менен Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 3-бөлүгү, 337-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш иши боюнча толугу менен акталган.

Эскерте кетсек, 1993-жылы туулган Мээрим Тилекованы УКМК былтыр 17-майда опузалап пара талап кылууга шектеп кармаган. Ушундай эле берене менен Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Бейшекан Жайлымышева да айыпталган. Ал дагы акталып, кайрадан өз кызматына отурду.

504