7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Климат өзгөрүп, Бишкекте кыштын узактыгы кыскарды

523

Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун маалыматы боюнча, климаттын жылышынан улам Чүй өрөөнүндө жыл мезгилдеринин узактыгы өзгөрдү. Бул тууралуу академиянын президенти Канат Абдрахманов Facebook баракчасында билдирди.

«Бишкек» метеостанциясынын маалыматы боюнча, кыш мезгили 95 күндөн 71 күнгө чейин кыскарды. Жаз үч күнгө, ал эми жай мезгили 145 күндөн 154 күнгө чейин узарды.

«1931-жылдан 1960-жылга чейин күздүн узактыгы 59 күндү түзгөн. Ал эми 1961-жылдан 1990-жылга чейин 75 күнгө барабар болгон. Андан кийин 1991-жылдан 2021-жылга карата 71 күнгө чейин кыскарган. Күз менен кыш эми кеч, жаз менен жай эрте келет», — деп жазды Абдрахманов.

524