7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өрнөк айылынын мугалими эл аралык олимпиадада жеңүүчү болду

503

Нарын районунун Өрнөк айылындагы Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Анаргүл Жолдубаева орус тили боюнча I Эл аралык педагогикалык олимпиадада «Жогорку усулдук сабаттуулук» номинациясы боюнча жеңүүчү болду.  Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, сыйлыкты Иммануил Кант атындагы Балтика федералдык университетинин ректору Александр Федоров тапшырды.

Белгилей кетсек, орус тили боюнча I Эл аралык педагогикалык олимпиада 2023-жылдын 20-30-ноябрында Калининград шаарындагы Балтика федералдык университетинде өткөн.

Тандоо этабына 28 өлкөдөн 150гө жакын адам катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча 11 адам жеңүүчү, 12 адам вице-жеңүүчү деп аталды.

504