7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк-Артта кар калың жаап, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

446

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт өрөөнүндө кар калың жаап, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Энергетика минисрлиги кабарлады.

Энергетиктер саат 07:00дөн тарта ар бир мамычаны текшерип, аба чубалгыларды карап, үзүлгөн зымдарын таап, улап жатышат.

«Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын эмгек жааматы мындай кырдаалда ыкчам иш алып барууда. Күндүн сууктугуна карабай, карды жиреп иштеп жаткан энергетиктердин максаты — калкты электр жарыгы менен камсыз кылуу», — деп баса белгилешти.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана тургундарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

447