7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суудан келген делегат бир катар көйгөлөрдү көтөрдү

499

Экинчи Элдик курултайда Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнөн келген делегат Нияш Курманбеков бир катар маселе менен келгендигин айтып, сөзүн баштады.

Биринчи маселе бул унаа жолдору боюнча. Папан айыл аймагы менен райондук борборду бириктирип турган Ош-Кожокелең- Ак-Терек унаа жолун оор жүк ташуучу унаалар нормадан ашык жүк менен каттап, жараксыз абалга алып келди. Бүгүнкү күндө айыл тургундарына бул жол менен каттоого ыңгайсыз абал жаралып келүүдө. Жолду асфальттап, оңдоп-түзөп берүүнү суранам.

Экинчи маселе, бул таза суу маселеси. Папан айыл аймагы Ак-Буура дарыясынын башында жайгашканы менен таза суу көйгөйү жаралып келет. Суу түтүктөрүн жана насосторун капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл. Үчүнчү маселе, Сарай айыл аймагына караштуу Эркин айылында союз убагында калып калган 200 тонна уулу зат боюнча болмокчу. Бул айыл элинин ден соолугуна чоң коркунуч жаратып келет. Бул маселе былтыр курултайда көтөрүлгөн, бирок чечилген жок”, — дейт делегат.

 

 

500