Экинчи Элдик курултайда Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнөн келген делегат Нияш Курманбеков бир катар маселе менен келгендигин айтып, сөзүн баштады.
“Биринчи маселе бул унаа жолдору боюнча. Папан айыл аймагы менен райондук борборду бириктирип турган Ош-Кожокелең- Ак-Терек унаа жолун оор жүк ташуучу унаалар нормадан ашык жүк менен каттап, жараксыз абалга алып келди. Бүгүнкү күндө айыл тургундарына бул жол менен каттоого ыңгайсыз абал жаралып келүүдө. Жолду асфальттап, оңдоп-түзөп берүүнү суранам.
Экинчи маселе, бул таза суу маселеси. Папан айыл аймагы Ак-Буура дарыясынын башында жайгашканы менен таза суу көйгөйү жаралып келет. Суу түтүктөрүн жана насосторун капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл. Үчүнчү маселе, Сарай айыл аймагына караштуу Эркин айылында союз убагында калып калган 200 тонна уулу зат боюнча болмокчу. Бул айыл элинин ден соолугуна чоң коркунуч жаратып келет. Бул маселе былтыр курултайда көтөрүлгөн, бирок чечилген жок”, — дейт делегат.