Кыргызстанда 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун биринчи туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Абитуриенттерди биринчи турга каттоо төмөнкүдөй графикте жүргүзүлөт:
- 25-27-декабрь – талапкерлерди каттоо;
- 27-декабрь саат 14:00 – каттоону аяктоо;
- 28-декабрь саат 9:00гө чейин – кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу;
- 28-30-декабрь саат 16.00гө чейин – ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.