7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акча чогултулган мектептин директорлору кызматтан алынат

467

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталган мектептердин директорлору кызматтан алынарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-декабрда “Биринчи радионун” эфиринде айтты.

“Эки айда мектептин күнүмдүк муктаждыктарына — бор, чүпүрөк, кагазга бюджеттен 50 млн сом бөлүндү.

Ар бир ата-эне, директорго кайрылам, акча алуу токтотулду. Камкорчулар кеңешине да жарлыктын негизинде акча чогултууга тыюу салдык. Акча чогултууга байланыштуу айрыкча Бишкекте болгон окуялар териштирилип жатат. Эгерде фактылар аныкталса мамлекеттин саясатын колдобогону жана негизсиз акча жыйнаганы үчүн айрым директорлор менен кош айтышабыз”, — деди министр.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров быйыл май айында мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарган.

 

468