УКМК жана Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте Ош шаардык ИИБнин №25 мекемесине ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-декабрда Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаардык №25 мекемесинин айрым камераларында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 17 даана уюлдук телефондор, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып, алынды.
Мурда белгиленгендей, тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча бул мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин экс-жетекчиси Ж.У.нын макулдугу менен жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн коргоо үчүн соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган.
Учурда УКМК тарабынан Ош шаарынын №25 мекемесинин экс-жетекчиси, кылмыштуу аракеттери тууралуу кошумча маалыматтарды чогултуу жана документтештирүү боюнча тергөө-ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Буга чейин аты аталган жаран жана башка тиешеси бар адамдар иликтентуудө.